сТо Лен (АКШ)
Бишкек таштанды полигонунун элдик музейиАлтын-Казык
"Бишкек таштанды полигонунун элдик музейи" - бул иштеп жаткан ири полигондун жанында жашаган шаар тургундары менен биргелешкен долбоор, айта кетчү нерсе ал полигон 1976-жылы 100 млн.тоннадан ашык таштанды кабыл алган. Долбоор полигондун айлана-чөйрөгө жана күн сайын ага жакын жашаган тургундарга тийгизген таасирин изилдейт. Музейде коомчулук тарабынан белекке берилген, жаратылган жана чогултулган "артефакттар" көрсөтүлөт. Бул объекттерди кантип чечмелей алабыз? Музей экспозициянын жардамы менен адамдардын жашоосун жана жалпы көрүнүшүн кантип жеткире алат?
сТо Лен - дисциплиналар аралык сүрөтчү, анын иштери акыркы убакта бузулган ландшафттар жана муниципалдык мекемелер менен кызматташууга багытталган. Лендин ишинин дисциплиналар аралык мүнөзүнө булганган суу менен басып чыгаруу, Фрешкиллс паркындагы полигонду 3D-сканерлөө, таштандыларды көркөм материалдарга айландыруу, ошондой эле Superfund федералдык программа аркылуу калыбына келтирилип жаткан өзгөчө булганган объектилерде перформанстарды өткөрүү кирет. сТо Лен Нью-Йорк штатынын санитардык көзөмөл департаментинин коомдук сүрөтчү-резиденти жана Виржиния штатындагы AlexRenew тазалоочу станциясында алгачкы сүрөтчү-резидент болгон.
Лен Нью-Йорк штанынын Квинс шаарында жашайт, анын үй-бүлөсү Вьетнамдан жана Вирджиниядан чыккандыктан, сүрөтчүнүн эмгектери дал ошол тарых, айлана-чөйрө, салт жана саясат маселелерин байланыштырып, дал ошол байланыштарды чагылдырат.
Автор фотографий ниже — Илья Денбров